Саламат Садыкова Баткен облусунун Кызыл-Жол айылында 1956-жылы 28-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Эки жашында атасынан, тогуз жашында апасынан айрылып мектеп-интернатта чоңойгон. Оштогу музыкалык мектепти аяктап, 17 жашында Баткен райондук маданият үйүнө ырчы катары жумушка алынган. Кийин Таластагы райондук маданият үйүндө иштеп, 1988-жылы Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын "Камбаркан" ансамблине солист катары чакыртылган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты ондогон мамлекетте концерт берип кыргыз маданиятын далайга тааныткан. КРдин эл артисти, Казакстандын эмгек сиңирген артисти, III даражадагы Манас орденинин ээси азыр да чыгармачылык менен алек.