Караколдо жоголгон 11 жаштагы Бекболот Бишкектен табылды

Учурда милиция кызматкерлери окуянын жагдайларын тактап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Караколдо жоголгон 11 жаштагы Бекболот Турдушев Бишкектен табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милиция билдирди.
Буга чейин баланын атасы Каракол милициясына 5-класста окуган уулу 25-сентябрь күнү саат 15:00дөр чамасында достору менен көчөгө чыгууга суранып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган.
Издөө амалдары учурунда жоголгон бала Бишкектен табылган. Милиция анын достору менен ошол эле күнү Бишкекке жөнөп кеткенин аныктады. Бала аман-эсен.
Учурда милиция кызматкерлери бул окуянын жагдайларын тактап жатат.
Бекболот Ысык-Көлдүн Балбай айылынын тургуну. Ал 2021-жылы айылдагы мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп президентке кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган. Андан соң президент балбайлык окуучу менен жолуккан.
Бишкекте жоголгон 15 жаштагы Ширин Жунушакунова табылды