Радио

ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү транзиттик система ишке кирет

Евразиялык экономикалык комиссиянын бажы кызматташуусу боюнча министри Элдар Алишеров ЕАЭБдин алкагында Бажы кодексине өзгөртүүлөр киргизилип жаткандыгын айтты.
Sputnik
Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бирдиктүү транзиттик система ишке кирет. Учурда үчүнчү өлкөлөр менен келишимдерге кол коюу боюнча иштер каралып жатканын Элдар Алишеров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, уюмдун алкагында административдик жоопкерчилик боюнча бирдиктүү иш алып баруу жаатындагы принциптери иштелип жатат.
"Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жүк ташууларды жөнөкөйлөтүү максатында 2022-жылы уюмга мүчө өлкөлөр арасында кол коюлган. Келишимди жүзөгө ашыруу үчүн үч этап керектелет. Биринчиси 2024-жылдан январынан башталып, санкциялык, акциздик товарлар жана бажы салыгы жогору болгон товарларга навигациялык пломбалар орнотулат. Экинчи этабы кийинки жылдын жай айларында башталып, автомобилдик ташуулар боюнча башка товарлардын тизмеси бекитилет. Келишимдин үчүнчү этабында, 2025-жылы, темир жол аркылуу ташылган товарлардын баарына пломбалар орнотулат. Албетте, учурда тоскоолдуктарды жоюу боюнча дагы бир топ кадамдар болот. Мисалы, бүгүнкү күндө ЕАЭБдин алкагында Бажы кодексине өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Аны менен бирге Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бирдиктүү транзиттик система ишке кирет. Учурда үчүнчү өлкөлөр менен келишимдерге кол коюу боюнча иштер каралып, маселелер чечилүүдө", — деди Алишеров.
Ошондой эле адис ЕАЭБдин алкагында навигациялык пломбалар талап кылынбай турган жактар тууралуу маселе каралып, талкууланып жаткандыгын кошумчалады.