ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы кызматтарынын өкүлдөрүнүн жыйыны кандай өттү? Видео

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын 43-жыйынына Кыргызстан, Армения (онлайн), Беларусь, Казакстан жана Россия мамлекеттеринин өкүлдөрү катышты.
Sputnik
Кыргызстан Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков электрондук эсеп-фактураны колдонуу жана соода процедураларын жөнөкөйлөштүрүү маселелери каралганын айтты.
Ал эми жыйынга төрагалык кылуучу — Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Руслан Давыдов Евразия экономикалык биримдигинин мүчөлөрүнүн өтө чоң потенциалы бар экенин билдирди. Товар ташуудагы маалыматтардын аныктыгын текшерүү процессин автоматташтыруу маселеси да каралганын белгиледи.
Тема боюнча:
Ысык-Көлдө ЕАЭБ мамлекеттеринин Бажы кызматтарынын отуруму өттү. Жыйынтык