БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Баткен облусун өнүктүрүү үчүн бюджеттен жыл сайын бөлүнө турган 500 миллион сомду үч эсе көбөйтүү боюнча мыйзам долбоору каралууда.
Бул үчүн "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү демилгеленип, Жогорку Кеңеште экинчи окуудан өттү. Демилгечи депутат — Чыңгыз Ажибаев.
Эгер аталган мыйзам долбоору кабыл алынса жыл сайын облуска 1,5 миллиард сом өлчөмүндө каражат каралат. Ал бюджеттик жылдын биринчи кварталынан кечиктирилбестен бөлүнүп берилет.
Долбоорду иштеп чыгууда Баткендин чек арага чектеш аймактарында мезгил-мезгили менен пайда болгон өзгөчө кырдаал эске алынган. Андыктан жергиликтүү калктын туруктуу жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ички жана тышкы миграциянын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган көйгөйлөрдү тез арада чечүү зарыл экени белгиленген.