Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду

Элчилик кызматты Жумаев болгону төрт ай аркалады.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Элчинин иштен кеткен себеби көрсөтүлгөн эмес.
Эскерте кетсек, Алтынбек Жумаев 2021-жылдын аягынан тарта президенттин маалымат кызматын жетектеп, өткөн жылдын августунда кеңешчи кызматына которулган. Декабрда башка ишке өткөнүнө байланыштуу бошотулган болчу.
31-майда Малайзияга элчи болуп дайындалган.
Министрликтен кеткен Кудайберген Базарбаев жаңы кызматка дайындалды