Кыргыз-кытай чегиндеги "Торугарт" менен "Эркеч-Там" бекеттери 4 күнгө жабылат

Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" менен "Эркеч-Там" бекеттери төрт күнгө жабыла турганын УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматта демилгени кытай тарап сунуштаганы айтылат. Коңшу мамлекетте 29-сентябрда Күз майрамы белгиленсе, 1-3-октябрь күндөрү Билим күнү майрамдалат. Мындан улам бекеттер төрт күн жабык болот.
Өткөрүү пунктулары 30-сентябрда, андан үч күн өтүп 4-октябрда ачылат.
Жапаров: өзбек тарап агып кирген сууну кандай колдонсо да бизге айырмасы жок