Соттор кеңеши Бишкекте эки судьяны жоопкерчиликке тартууга макулдук берди

Фемиданын эки өкүлү боюнча сунушту Соттор кеңешине Башкы прокуратура берген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Соттор кеңеши Бишкектеги эки судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүдө жоопкерчиликке Бишкек шаардык сотунан Н. И. А., Ленин райондук сотунан К. Н. Т. аттуу судьялардын тартылары айтылды.
Н. И. А. Кылмыш кодексинин "Пара алуу", "Опузалап пара талап кылуу", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен, ал эми экинчи фемида өкүлү жогорудагы беренелерде кылмышка кошо катышкандыгы боюнча күнөөлөнүп жатканы айтылды.
Соттор кеңеши президентке эки судьяны кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш бергени маалым болду.
Эске салсак, Бишкек шаардык сотунун Н. И. А. аттуу судьясы опузалап пара талап кылууга шектелип жатат. Ал УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген.
Жогорку Соттун экс-судьясынын хан сарайы аукционго коюлду. Сүрөт