Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шольц менен Бербокту эл Украина үчүн жаалданып, ышкырып тосуп алды

Чогулгандардын бири немец өкмөтүн отставкага кетирип, ал эми анын мүчөлөрүн сотко бериш керектиги боюнча демилге көтөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Немецтер Германия канцлери Олаф Шольцко, ТИМ жетекчиси Анналена Бербокко шайлоо алдындагы турнесинде Украинага берилген жардамдан улам пайда болгон көйгөйлөргө байланыштуу ышкырып, кыйкырып нааразылыгын билдиришти. Бул тууралуу РИА Новости Spiegel тараткан маалыматтарга таянып кабарлады.
Саясатчылардын ар кыл партиялардын өкүлү (Шольц — социал-демократтар партиясы, Бербок — "Жашылдар") экендигине карабай, немецтер аларды бирдей эле нааразылык менен тосушкан.
"Мазактоолор, "б-у-у" деген кыйкырыктар жана кулак тунган ышкырыктын концерти. Нюрнбергдин борборунда федералдык канцлер Шольц үчүн өтө жагымсыз кабыл алуу болду", — деп айтылган сюжетте.
Жаалданган жарандар Шольцту Украинадагы чатакты козгогонго, инфляцияга, миграциялык кризиске айыпташты. Чогулгандардын бири немец өкмөтүн отставкага кетирип, ал эми анын мүчөлөрүн сотко бериш керектиги боюнча демилге көтөргөн.
"Декорациялардын алмашуусу. Анналена Бербоктун Аугсбургдагы шайлоо алдында сүйлөшү. "Жашылдар" бул учурда көптөр үчүн элди коркуткандардан болуп калды. Ал тургай тышкы иштер министринин да элге жакын болом дегени эч нерсени өзгөртө албайт", — деди алып баруучу.
Жергиликтүү эл Бербоктун "жоголушун" айтып, "жашылдарды" Украинага курал берип жатканы үчүн күнөөлөгөн.
Журналисттер саясатчылар эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп, "жылмайымыш" болуп андан ары жолун улашы керек деген бүтүмгө келишкен.
Insa институтунан мурдараак жасаган сурамжылоодо башкаруучу коалицияны жактагандардын саны шайлоо болгон 2021-жылдан бери эң төмөнкү чекти көрсөткөнүн белгилешкен.
Москва Батыштын аскердик жардамы Украинага жарытылуу эч нерсе деле кыла албастыгын, болгону чатакты создуктурушун айткан. Ал эми курал-жарак жүктөлгөн транспорттор россиялык армиянын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Германия Киевге эски, иштен чыккан техникасын жөнөткөнүн мойнуна алды