Пара алууга шектелген судья тергөө абагына киргизилди. Иштин чоо-жайы

УКМК Бишкек шаардык сотунун судьяларынын пара алуусу үчүн ортомчу жактоочулар менен биргеликте бүтүндөй бир схеманын иштелип чыкканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Опузалап акча талап кылуу жана пара алуу боюнча Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы И.Н.А. кармалганын УКМКдан кабарлашты.
1 / 3

Опузалап акча талап кылуу жана пара алуу боюнча Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы И.Н.А. кармалганын УКМКдан кабарлашты

2 / 3

Маалыматта соттор тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схеманын иш жүзүндөгү фактысы аныкталганы, бул кылмыштуу иштерге "ишенимдүү" адвокаттар тартылганы айтылган

3 / 3

Ортомчу адвокат кылмыш жоопкерчилигине тыртылган-тартылбаганын УКМК билдире элек. Бирок тартип коргоо органдарындагы маалымат булактары юрист бул иште күбө катары өтүп жатканын айтышты

Маалыматта соттор тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схеманын иш жүзүндөгү фактысы аныкталганы, бул кылмыштуу иштерге "ишенимдүү" адвокаттар тартылганы айтылган.
"Бишкек шаардык сотунун айрым судьялары жактоочунун ортомчусу аркылуу соттолуучунун туугандарынан 5 000 доллар (443 500 сом) өндүрүп алышкан. Сотко пара берүүнүн алдында жактоочунун жанында мурда даярдалган (адалдоого алынган) акча болушу керек болчу, алар соттук коллегияга кирген экинчи инстанциянын судьяларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн. Бул кылмыштуу амалдын катышуучуларынын планы боюнча, эгерде аларды укук коргоо органдары кармап алса, адвокат туруктуу, ишенимдүү ортомчу катары, акчаны көрсөткөн юридикалык кызматы үчүн гонорар катары алганын айтмак. Бул үчүн да алдын ала ойдон чыгарылган келишим түзүлүп даярдалган. Кармалган судья УКМКнын убактылуу тергөө абагына 26-ноябрга чейин киргизилди", — деп айтылган маалыматта.
Ортомчу адвокат кылмыш жоопкерчилигине тыртылган-тартылбаганын УКМК билдире элек. Бирок тартип коргоо органдарындагы маалымат булактары юрист бул иште күбө катары өтүп жатканын айтышты.
Башка судьялардын бул боюнча кылмыш иштеринин далил базасын бекемдөө үчүн тиешелүү активдүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы дайын болду. УКМКдан анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берерин билдиришти.
Пара алды деген шек менен Бишкек шаардык сотунун судьясы кармалды