Пресс-борбор

Бишкектеги ыш менен күрөшүү үчүн кандай иштер аткарылууда? Министрликтин жообу

Шамалдын айлануусун жакшыртуу максатында Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээгиндеги курулушка тыюу салуу сунушталды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Жаратылыш министрлигинин өкүлү Нурлан Шаршеев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы бирифингде Бишкекте 135 миң жеке турак жай болсо, анын 27 миңи газга кошуларын билдирди.
Жаратылыш министрлигинин өкүлү Нурлан Шаршеев
"Бишкектеги 135 миң турак жайдын 27 миңин газга кошуу пландалууда. Калаадагы ыш үйлөрдү көмүр менен жылытуудан улам пайда болуп жатат. Эң кооптуу заттар ылдыйкы катмарда, адам дем алган жерде. Мындай заттарды автоунаалар тыгында турганда бөлүп чыгарат. Муну менен күрөшүү максатында коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүп берилди. 2024-жылдын апрель айында Бишкекке 1 500 даана экологиялык автобус алуу пландалууда. Бир автобус төрт маршрутканын ордун баса алат", — деди Шаршеев.
Мындан тышкары, шамалдын айлануусун жакшыртуу максатында Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээгиндеги курулуш иштерине тыюу салуу сунушталды. Азыр башаламан курулган имараттар шамалдын Бишкекти аралап өтүшүнө тоскоолдук жаратууда. Ошондой эле дарыялардын жана көлмөлөрдүн жанындагы курулуштарга да тыюу салуу каралууда. Анткен менен буга чейин дарыялардын жанында курулган көп кабаттуу үйлөр ошол боюнча калат. Бишкектеги текстиль өнөр жайларынан күнүнө чыккан 80 тонна калдык абаны булгабашы үчүн атайын күйгүзүүчү жабдуу сатып алынган. Ал таштанды полигонуна орнотулганы белгиленди. Ошондой эле бишкектиктер колдонгон көмүрдүн зыяндуулугун азайтуу үчүн Кара-Кечеде байытуучу завод курулары, курулуш болжол менен эки жылга созула турганы кошумчаланды.
Пресс-борбор
Министрлик бишкектиктерди коомдук транспортко өтүүгө чакырды