БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги ШКУга мүчө мамлекеттердин экономикалык жана тышкы иштер боюнча жооптуу министрлеринин 22-кеңешмесин ачты.
Ага ШКУга мүчө мамлекеттердин экономикалык ведомстволорунун жетекчилери катышты.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстан ШКУнун алкагында көп кырдуу, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу көңүл буруп жатканын, айрыкча аймактык өнүгүүнүн максаттары жана приоритеттери белгиленгендигин айтты.
ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Сухел Хан өз сөзүндө кызыкдар мамлекеттер тарабынан бекитилген 2030-жылга чейинки мезгилге ШКУнун Экономикалык өнүгүү стратегиясында, анын ичинде ишке ашырууну улантуу маанилүү экенин айтты.
Жалпысынан бардык тараптар ШКУнун уставынын негизги максаттарына берилгендигин ырасташты. Министрлердин жолугушуусунун күн тартибине киргизилген бир катар документтер бекитилип, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары аныкталып, жыйынтыгында протоколго кол коюлду.
Жыйындын алкагында Кыргызстан менен ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыктын учурдагы күн тартибин талкуулоо максатында делегация башчылары менен өзүнчө эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.