БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкекте шаардык соттун судьясы Назгүл Илиязова кармалганын укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар билдирди.
Судьяны УКМК кызматкерлери кармаганы белгилүү болду. Алдын ала маалымат боюнча, Илиязова айыпталуучунун тууганынан 10 миң доллар пара талап кылган деп шектелип, Соттор кеңеши аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген.