БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкек — Балыкчы — Каракол багыты боюнча темир жол куруп, тез жүрүүчү поезддерди жүргүзүү пландалууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев парламентте билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоор боюнча техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо иштери жүрүп жатат.
"Эсептеп көрсөк, ал поезд жол ачыла турган болсо Бишкектен Караколго жүргүнчүлөр 1,5-2 саатта жетип калат экен. Долбоорду ишке ашыруу үчүн болжол менен 4,5 миллиард доллар керектелет. Ал багытта Түштүк Корея менен сүйлөшүп жатабыз", — деди Бариев.
Ал, мындан сырткары, "Түрксиб" компаниясы (мурдагы Луговая — ред.) менен Бишкек — Балыкчы темир жолун электрлештирүү боюнча да иш жүрүп жатканын айтты.
Белгилей кетсек, учурда поезддер Бишкектен Балыкчыга чейин гана каттай алат. Автоунаа менен борбор калаадан Караколго жетүү үчүн алты сааттай жол жүрүү керек.