Азия оюндарына Кыргызстандын атынан 3 балбан кыз бармай болду

Дүйнө чемпионатынан алтын алган Айсулуу Тыныбекова дагы оюндарга катышмай болду.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарына Кыргызстандын атынан үч балбан кыз барат. Бул тууралуу машыктыруучу Нурбек Изабеков ЭлТР телеканалындагы интервьюсунда билдирген.
Анын айтымында, Мээрим Жуманазарова жаракат алганына байланыштуу анын ордуна Нурзат Нуртаева коюлду.
Машыктыруучу дагы 10 күн бар экенин, бул убакыт ичинде бутунан жаракат алган Айпери Медет кызы сакайып, оюнга жетишип каларына үмүт арткан. Дүйнө чемпионатынан алтын алган Айсулуу Тыныбекова дагы оюндарга катышмай болду.
Садыр Жапаров байгелүү кайткан балбандарга акчалай сыйлык тапшырды