Коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөрдү экран аркылуу берип, элди андай кадамдарга барбаганга үндөгөндүгүн Эрмек Казыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Ата-эне тилеги" тасмасынын максаты — ар бир көрүүчүнү патриот болууга чакыруу.
"Аталган тасманы жараткан "Залкар" продакшн студиясынын негизги багыты — улуттук идеологияга, улуттук баалуулуктарга басым жасоо. Кыргыз киносу өнүгүп жаткан маалда бул ирет "Ата-эне тилеги" деген тасма тарталы деп чечтик. Ар бир эле ата-эне балалуу болгондо эл керегине жараган уул-кыз болсун деп ниет кылат. Бирок баарыбыз эле өз жолубузду өзүбүз тандап кете берет эмеспизби. "Мен" дебестен "мекен" деген, "өзүм" дебестен "өлкөм" деген жаштар көбөйсүн деп бул долбоорду ишке ашырдык. Экран аркылуу коомдогу болуп жаткан окуяларды чагылдырып, терс жолго барбоого үндөгүбүз келди", — деди тасманын режиссеру.
Ал өзү аталган киного режиссерлук кылуу менен бирге эпизоддук ролду да ойногондугун кошумчалады.