28-сентябрга карата аба ырайы

28-сентябрда түнкүсүн республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +21…+26, Талас жеринде +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +21…+26, Ысык-Көл чөлкөмүндө +14…+19, Нарын облусунда +15…+20 градусту көрсөтөт.
Абанын табы Бишкекте +23…+25, Ош калаасында +24…+26 градус жылыйт.
Алдыдагы аптага карата Кыргызстан боюнча аба ырайынын божомолу