БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. ЖККУ, ШКУ жана КМШга мүчө мамлекеттердин жогорку деңгээлдеги административдик-кызматтык жетекчилеринин Пекиндеги жумушчу жолугушуусунда алар жооптуу болгон чөйрөсүндөгү коопсуздуктун жана туруктуулуктун абалына берген бааларын талкуулашты. Бул тууралуу ЖККУнун маалымат кызматынан кабарлады.
“Пекинде ЖККУнун, ШКУнун башкы катчылары Имангали Тасмагамбетов, Чжан Мин жана КМШнын башкы катчысынын орун басары Ильхома Нематовдун жумушчу жолугушуусу өттү. Евразиялык ири аймактык интеграциялык үч уюмдун жогорку деңгээлдеги административдик-кызматтык жетекчилери өздөрү жоопкер болгон чөйрөдөгү коопсуздуктун, туруктуулуктун абалына берген бааларын өз ара талкуулашты”, — деп айтылат маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.
Өзгөчө көңүл террорчулукка, экстремизмге, баңгизаттарын мыйзамсыз айлантууга, улут аралык кылмышка каршы күрөшүүгө бөлүндү. Мындан сырткары, аталган үч уюмдун маалымат жана болжолдоо түзүмдөрүнүн ортосундагы активдүү өз ара кызматташууну өнүктүрүү туурасында да кеп болгон.