Акжол, Жоламан баштаган балбандар бүгүн таңда Белграддан келишти. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Эртең менен "Манас" аэропортунан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында чемпион болгон Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков баштаган спортчуларды салтанат менен тосуп алышты.
Намыс талашкан балбандарды тоскондордун арасында ата-энелери, туугандары, президенттик администрациянын, Маданият министрлигинин өкүлдөрү болду.
Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү. Кыргызстандык балбандар учурда өз салмак категорияларында лидер.
Соңку эсеп менен алганда Кыргызстандын курама командасы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында медалдар боюнча эсепте 3-орунду ээледи.
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү