Садыр Жапаров байгелүү кайткан балбандарга акчалай сыйлык тапшырды

Өлкө башчы мамлекеттин желегин бийик желбиреткен спортчулар көңүл сыртында калбай татыктуу бааланарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Садыр Жапаров күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан байгелүү кайткан спортчуларды кабыл алып, акчалай сыйлык тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларын куттуктап, анда бардык кыргызстандык күйөрмандардын атынан Белградда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында бекем эркти көрсөтүп, сыноолордон намыскөйлүк менен ийгиликтүү өткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
1 / 6

Алтын тагынган спортчулар Айсулуу Тыныбекова,

2 / 6

Акжол Махмудов,

3 / 6

Жоламан Шаршенбековго — 1 миллион сомдон,

4 / 6

Күмүш медаль алган Айпери Медет кызына — 750 миң сом,

5 / 6

Коло медалга ээ болгон Тайырбек Жумашбек уулуна — 500 миң сом.

6 / 6

Ошондой эле спортчулардын машыктыруучуларына да акчалай сыйлыктар тапшырылды

"Ийгилигиңердин, жеңишиңердин артында 10, балким, 20 жылдаган талбаган эмгек жатат. Спорт менен машыгып жүргөн инсан катары мен сиздерди абдан жакшы түшүнөм. Спортчулардын жеңиштери талыбас эмгектен, туруктуулуктан, темирдей бекем эрктен, ошондой эле машыктыруучулардын чеберчилигинен башат алат. Ата мекениңерди даңктап эле тим болбостон, миңдеген жаштардын жүрөгүн жалындатып, Кыргызстандын атын чыгарууга чоң түрткү берип жатасыздар. Мамлекеттин желегин бийик желбиреткен спортчуларды көңүл сыртында калтырбайбыз, алардын жараткан ийгиликтери татыктуу бааланат", — деди Жапаров.
Ал Кыргызстан 30дан ашуун мамлекеттин арасынан командалык эсепте 3-орунду ээлегенин канааттануу менен белгиледи. Мындай натыйжа биринчи жолу болуп, тарых баракчасы жаңыланганын кошумчалады.
Сыйлоо аземинде мамлекет башчы жеңүүчүлөргө төмөндөгүдөй өлчөмдөгү акчалай сертификаттарды тапшырды:
Алтын тагынган спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбековго — 1 миллион сомдон;
Күмүш медаль алган Айпери Медет кызына — 750 миң сом;
Коло медалга ээ болгон Тайырбек Жумашбек уулуна — 500 миң сом.
Ошондой эле спортчулардын машыктыруучуларына да акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Дзюдочу Эрлан Шеров Азиададан алтын утуп, тарых жаратты. Видео