Беларусь элчиси: постсоветтик өлкөлөр орус тилин өзүнүн тили деп эсептей алат

Страчконун айтымында, мурдагы советтик өлкөлөрдүн көпчүлүк тургундары үчүн орус тили эл аралык сүйлөшүү тили болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Мурдагы СССР өлкөлөрүнүн жашоочулары орус тилин өзүнүкү катары эсептей алат, анткени алардын баары ал тилди өнүктүрүүгө катышкан. Бул тууралуу Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко Кыргыз улуттук университетинде өткөн "Орус тили кызматташтыктын жана өз ара түшүнүшүүнүн көпүрөсү" аттуу тегерек столдо билдирди.
Страчконун айтымында, беларустуктар, кыргызстандыктар жана башка мурдагы советтик өлкөлөрдүн көпчүлүк тургундары үчүн орус тили эл аралык сүйлөшүү тили болуп саналат.
"Орус тилин бир гана орустар эмес, беларусь, украин, кыргыздар дагы байытарын түшүнүү керек. СССР кезинде биз орустар менен биргеликте орус тилин өнүктүргөнбүз. Биз — постсоветтик мейкиндиктин жашоочулары орус тили орустар үчүн эле эмес, биздин да тилибиз деп айта алабыз. Ошол тилде ачылыштарды жасап, чыгармаларды жазганбыз", — деди элчи.
Радио
Балтика университетинин өкүлчүлүгү орус тили мугалимдерин даярдоого басым жасайт