Ошто 31 мектептин жерине тойкана, үй, дүкөн салынып кеткен. Мэрия кайтара баштады

Жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу жана берүү фактылары 1996-2006-жылдар аралыгында эң көп катталганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ош шаарындагы жалпы 52 мектептин ичинен 31 окуу жайдын жер тилкеси жеке жактарга өтүп кеткен. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, билим уясына караштуу аймакка тойкана, кафе, дүкөн жана турак жайлар салынып калган. Жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу жана берүү фактылары 1996-2006-жылдар аралыгында эң көп катталган.
"Учурда мектептин жерлери кимге, качан, ким тарабынан берилгендиги тууралуу маалыматтар такталып бүттү. Анын жыйынтыгы менен бүгүн укук коргоо органдарынын, муниципалдык мекеме-ишканалардын, юристтердин катышуусунда жыйын өттү. Мында көрүлүүчү чаралар, мектептердин аянтын кайтарып алуу боюнча алдыда жасалчу жумуштар аныкталып, тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилди", — деп айтылат маалыматта.
Муну менен катар тиешелүү маалыматтарды жана иш кагаздарын ыкчам берүүнү камсыздап, соттук процесстерде бирдиктүү иш алып баруу үчүн жумушчу топ да түзүлгөн.
Мэрия конуштарга көп кабаттуу үй курууга уруксат берген документтерди кайтарып алууда