Кыргызстандын жууган майын негизинен ЕАЭБ өлкөлөрү сатып алат

Үстүбүздөгү жылдын январынан июлуна чейин 1 121,3 тонна продукция экспорттолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттери Кыргызстандын жууган майынын негизги сатып алуучулары болуп саналат. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.
Үстүбүздөгү жылдын январынан июлуна чейин өлкөдөн 1 121,3 тонна май экспорттолуп, 5,2 миллион долларга бааланган.
Сатып алган өлкөлөр:
Россия — 880 тонна;
Казакстан — 146,5;
Өзбкистан — 84,7;
Беларусь — 9,8;
АКШ — 0,3.
Кыргызстандан инвестиция алган ЕАЭБдин өлкөлөрү