Жаңы-Жердеги адам өлүмүнө шектелген эки адам кармалды

Окуядан 69 жаштагы киши каза таап, 36 жаштагы адам ооруканага жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Жаңы-Жер айылында адам өлтүрүүгө шектелген эки адам колго түштү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облустук ИИББ билдирди.
Милиция шектүүлөрдүн жүргөн жерин аныктап, натыйжада 41 жаштагы А. К. К. жана 44 жаштагы Д. М. М. аттуу эки кишини кармады.
Окуя 23-сентябрда саат 15:00дөр чамасында болгон. Милициянын маалыматы боюнча, жаңжал адегенде айылдык жаштар ортосунда чыккан. Буга "муундар арасында улууларды сыйлоо" талаш-тартышы себеп болгон. Кийин ызы-чууга алардын ата-энелери аралашкан. Чыр күчөп отуруп мушташка, курал колдонууга жеткен. Окуядан 69 жаштагы киши каза таап, 36 жаштагы адам ооруканага жеткирилген. Милиция жаңжалдашкан эки тарап тең бир улуттагылар экенин белгилеген.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, 30дан ашуун киши суракка алынган. Алардын айрымдары абалды курчутуп, ок атышууга чейин алып келгени айтылат.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жаңы-Жер айылынын 69, 35 жана 26 жаштагы тургундары кармалган. Ал эми буга чейин куралчан шектүүлөр — 44 жаштагы Д.М.М. менен 41 жаштагы А.К.К. изделип жаткан болчу.
Жаңы-Жердеги атышуу: 30дан ашык киши сурак берип, үч адам кармалды