Дзюдочу Эрлан Шеров Азиададан алтын утуп, тарых жаратты. Видео

Шеров финалдык кармашта 2021-жылкы Олимпиада оюндарынын коло медаль ээси жана 2022-жылдын дүйнө чемпиону Давлат Бобоновду утту.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Дзюдочу Эрлан Шеров Кытайдагы Азия оюндарында алтын медалга ээ болду. Бул — Кыргызстандын тарыхындагы дзюдо спорту боюнча алгачкы алтын.
90 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыккан Шеров финалга карай жолдо Кытай, Ливан жана БАЭ спортчуларын жеңди. Ал эми финалдык кармашта 2021-жылкы Олимпиада оюндарынын коло медаль ээси жана 2022-жылдын дүйнө чемпиону Давлат Бобоновду утту.
Кыргызстандык дзюдочулар үчүн бул медаль Азия оюндарынын тарыхында үчүнчү болуп саналат. 2018-жылы Индонезиядагы оюндарда Артур Те менен Владимир Золоев коло уткан.
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү