Өндүрүштүк калдыктар менен абаны булгагандарга 17 миң сом айып салуу сунушталды

Жаңыдан киргизилчү айып пулдар кышында тигүү цехтеринен чыккан калдыктарды жаккандарга карата да колдонулат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Экологияны булгагандар үчүн катаал жазаларды киргизип, айып пулдардын суммасын көбөйтүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.
Ведомство жазанын күчөтүлүшү айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы мыйзам бузууну алдын алат жана экологиялык стандарттардын сакталышына көзөмөлдөөнү жакшыртат деп эсептейт. Ошону менен бирге мамлекеттин кирешесин көбөйтүүгө өбөлгө болуп, бул кошумча каражаттар айлана-чөйрөнү коргоо программаларын ишке ашырууга жана таза технологияларды колдоого багытталары белгиленди.
Фитосанитардык чараларды аткаруу же контролдоо эрежелерин бузуу — жеке жактарга 10 миң, юридикалык тараптарга 28 миң сом айып пул сунушталды (учурда 3000 жана 13 миң сом).
Мындан улам өндүрүштүк уулуу калдыктарды, ишканалардын жана керектөө калдыктарын ташуу, колдонуу, жок кылуу жана көмүү учурунда экологиялык талаптар бузулса жеке тараптарга — 7 500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салынат. Бул норма жаңыдан киргизилди. Ал берене кышында тигүү цехтеринен чыккан калдыктарды жаккандарга карата да колдонулат.
Радиациялык коопсуздук боюнча талаптарды аткарбаган жеке жактар 10 миң сомдук, юридикалык тараптар 28 миң сомдук айыпка жыгылат.
Өкмөт Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балыктарды көбөйтүү планын жарыялады