Бишкектин бир бөлүгүндө үч күнгө газ өчөт. Тизме

"Бишкек газ" келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн абоненттерден кечирим сураган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. 27-29-сентябрь аралыгында борбор калаанын бир бөлүгүндө газ өчөт. Бул тууралуу "Бишкек газ" билдирди.
Көгүлтүр от үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
Аламүдүн дарыясын бойлой;
ЧЧКны бойлой;
Чугуев көчөсү;
Чернышевский;
"Куликовский" заводунда.
Ал эми 27-28-сентябрь аралыгында төмөнкү даректер боюнча газ өчөт:
Киев көчөсүндөгү №155 жана 157 үйлөрдө;
Үмөталиев көчөсүндөгү №86 үйдө;
Пушкин көчөсүндө;
Турусбеков көчөсүндө.
"Бишкек газ" келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн абоненттерден кечирим сураган.
Катуу суук түшөбү? Октябрга карата аба ырайы