Союз кездегидей окутат. "Унаанын" макамы жогорулап, автомектептерди ачат

Эми Бишкек, Ош шаарларында жана 40 райондо айдоочуларды даярдаган мамлекеттик мектептер пайда болот.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. ИИМдин алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси эми өз алдынча болуп, жер-жерлерде автомектептерин ачат. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Мекеме агенттик болуп өзгөргөн жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. Агенттиктин Бишкек, Ош шаарларында жана 40 райондо өзүнүн автомектептери ачылып, унаанын түрлөрүн башкарууну окутуп үйрөтөт.
"Улуу муундагылар союз мезгилинде жакшы билген ДОСААФтын иштөө принциби колдонулат. Аны менен райондордогу автомектептерде жарандарыбыз бойго жеткен балдар-кыздарын үч айлык унаа башкаруу, жол эрежелерин үйрөнүү боюнча окуу курстарына жөнөтө алышат. Жер-жерлерде мектеп ачуу зарылдыгы биринчи кезекте жол кырсыктарынын көбөйүшүнөн, көпчүлүк айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин билбегендиктен, айдоочулук күбөлүктөрдүн көзөмөлсүз берилишинен келип чыкты", — деди Орунбеков.
Ал автомектептердеги окуучулардын экзамен тапшыруусу мамлекеттин көзөмөлүндө болорун, унаа башкарууну же жол кыймылынын эрежелерин толук өздөштүрбөй туруп айдоочулук күбөлүктөрдү алуу мүмкүн болбой турганын белгиледи.
"Мурда билесиздер, ата-энелер 18ге толгон балдарына унаага кошуп айдоочулук күбөлүк сатып берген фактылар болгон. Азыркы күндө деле окууга тапшырып коюп, айдоочулук күбөлүк алууга келгенде 17 жолу экзаменден өтпөй калган учурлар катталып жатат. Союз кезинде окуп күбөлүк алгандар жакшы билет, айдоо эрежелерин толук өздөштүрмөйүн айдоо укугуна ээ боло алышкан эмес", — деди Орунбеков.
Эми мамлекет унаа башкарууну көзөмөлгө алып, союз кезиндегидей принциптер менен окутуп, ал үчүн шарттарды түзө турганын кошумчалады.
Жол кырсыктары үчүн жооп берчү мезгил жакын калды. Министрдин эскертүүсү