Россиялык мугалим кыргыз мектептериндеги тажрыйбасы менен бөлүштү

Педагог мектептердин тартыштыгынан класстар толуп калып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. "Чет өлкөдөгү россиялык мугалим" программасынын алкагында Бишкекке келип окуучуларга математика сабагынан билим берген Алсу Бикташева кыргыз мектептери боюнча пикири менен Sputnik радиосуна бөлүштү.
Ал быйыл Бишкектеги гимназияга сабак берип жатканына эки жыл болгонун билдирди.
"Россия менен Кыргызстандын окуучуларынын айырмасы билиминде. Эгер бишкектик окуучулар жөнүндө кеп кыла турган болсок, алар илим-билимдүү жана аракетчил. Программанын шартына ылайык, жумасына 20 саат сабак берем. Бул мугалим сабакка сапаттуу даярданышы үчүн жакшы норма. Жергиликтүү мектептерде менин кесиптештериме 27 саатка чейин сабак өтүүгө уруксат берилген", — деди Бикташева.
Педагог Кыргызстандын мектептерине кесипкөй адистер, китептер, реагенттер жана жабдуулар жетишпей турганын, ал эле эмес мектептердин тартыштыгынан класстар толуп калып жатканын белгиледи.
Радио
Балтика университетинин өкүлчүлүгү орус тили мугалимдерин даярдоого басым жасайт