Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледждин кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлүп, окуу жайдын окуучуларынын тамактануусунун акчалай ченеми 500 сомго чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу Айбек Ташматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окуу жай мамлекеттин жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен спорттун түрлөрү боюнча окуу-машыгуу сабактарын жүргүзүү үчүн жогорку квалификациялуу спортчуларды даярдоонун заманбап талаптарына ылайык спорттук инвентарь жана жабдууларды сатып алууда.
"Кыргызстандын улуттук курама командаларынын резервин сапаттуу даярдоо, өлкөдө дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык спорттук аренада жогорку спорттук натыйжаларга жетишүү максатында Жогорку Кеңештин 2023-жылдын 14-июнундагы № 1266-VII токтому чыгып, Республикалык спорттук колледжди жакшыртууга тапшырмалар берилди. Бул олимпиадалык резервди даярдоочу өлкөдөгү жападан жалгыз окуу жай. Колледж мамлекеттин жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен спорттун түрлөрү боюнча окуу-машыгуу сабактарын жүргүзүү үчүн жогорку квалификациялуу спортчуларды даярдоонун заманбап талаптарына ылайык спорттук инвентарь жана жабдууларды сатып алууда. Окуу китептер толукталып, футболдук талаа даярдалып жатат", — деди Ташматов.
Ошондой эле адис өлкөдө күрөштүн түрлөрү өнүгүп жаткандыктан окуу жайда кийинки жылы күрөш залы ачыларын кошумчалады.