Баланы психологго алып баргандан кийин анын ата-энеси да психологго барышы керектигин Шолпан Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баланын психологиялык абалына эң көп ата-эне таасир берет.
"Жакында эле мага бир ата-эне кызын алып келди. Психологиялык жактан абалы өтө начар экен. Атасы менен апасын айтып бергенден айбыгып жатты. Менин милдетим ата-энесине айтып түшүндүрүү болду. Кызынын абдан корккондугу катуу тарбиядан же көп тыюу салуудан болушу ыктымал. Баланын психологиялык абалына көпчүлүк учурда ата-энеси таасир этет. Эгер бала психологго барып жатса, анда ата-энеси да барышы керек болот. Кээ бир ата-энелер биринчи кызым өткөөл курактан жеңил эле өтүп кеткен, экинчи кызым деле ошентип өтүп кетет деп жаңылыштык кетиришет. Ар бир бала өзгөчө. Айрым ата-энелер "балам башкача болчу, азыр өткөөл курагында таптакыр өзгөрүп кетти" деп кайрылат. Негизи бала көп деле өзгөрбөйт. Болгону кичинесинен бери топтолуп келген эмоциялары өткөөл куракта жарылып чыгышы мүмкүн. Ошол үчүн бул жерде эки тараптын тең психолог менен иштешкени маанилүү", — деди Мамытова.
Ал барган сайын ата-энелердин түшүнүгү жогорулап, арасынан психологдор менен иштешкендердин саны өсүп жатканын кошумчалады.