Ошто шахмат боюнча "Белая ладья" аттуу эл аралык алгачкы турнир өттү

Мыктылар медаль, кубок жана дипломдор менен сыйланышты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Ошто 100 бала катышкан шахмат боюнча "Белая ладья" аттуу эл аралык алгачкы турнир өттү. Бул тууралуу Русский дом билдирди.
1 / 4

Ошто 100 бала катышкан шахмат боюнча "Белая ладья" аттуу эл аралык алгачкы турнир өттү.

2 / 4

Мелдешке Кыргызстан менен Өзбекстандын шахматчылары катышты.

3 / 4

Алар үч категория боюнча ат салышты

4 / 4

Мыктылар медаль, кубок жана дипломдор менен сыйланышты.

Мелдешке Кыргызстан менен Өзбекстандын шахматчылары катышты. Алар үч категория боюнча ат салышты:
1-категория — 10 жашка чейинки балдар;
2-категория — 14 жашка чейинки балдар;
3-категория — чоңдор.
Мыктылар медаль, кубок жана дипломдор менен сыйланышты.
Туринир Оштогу Русский дом менен Кыргызстандын Шахмат федерациясы тарабынан уюштурулду. Бул мелдешти жыл сайын уюштуруу пландалууда.
Кыргызстандык окуучу шахмат боюнча дүйнө чемпионатында алтын утту