"Ош" базары менен эки автобекет кайда көчүрүлөрү белгилүү болду

Иш 2024-жылы башталат. Учурда көчүрүүнүн механизмдери иштелип, эскиздер даярдалып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы "Ош" базары менен Батыш автобекетин көчүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдирди.
Муниципалитет эки объектини тең Пригородное айылынын тышына чыгарууну пландоодо (Достук кичи районунун маңдайы).
Уезбаевдин маалыматы боюнча, иш 2024-жылы башталат. Учурда көчүрүүнүн механизмдери иштелип, эскиздер даярдалып жатат.
Ал эми Чыгыш автобекети Алматы менен айланма жолдун кесилишине көчүрүлмөкчү (түндүк-чыгыш бөлүгү).
Буга чейин Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров "Ош" базары, Батыш жана Чыгыш автобекеттери шаардын тышына чыгарыла турганын билдирген болчу.
Бишкек: автобустарга бөлүнгөн сары тилкеге башка автоунаалар жүрө алат. Шарты