Жол кырсыктары үчүн жооп берчү мезгил жакын калды. Министрдин эскертүүсү

Быйылкы туристтик сезондо былтыркы ушул учурга салыштырмалуу жол кырсыктары 21 фактыга төмөндөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Жол кырсыктарына жооп бере турган мезгил жакындап калды. Бул тууралуу айткан ички иштер министри Улан Ниязбеков иш-чараларды күчөтүп, тиешелүү жумуштарды жүргүзүүнүн зарылдыгын эскертти.
ИИМдин маалымат кызматы бүгүн онлайн режимде кеңешме өтүп, ага министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтары, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын жетекчилери катышканын билдирди. Анда жол кырсыктарынын келип чыгуу себептери жана кол коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланган.
Ниязбеков жол кырсыктары көптөгөн мамлекеттерде көйгөйлүү маселе болуп эсептелерин белгилеп, буга унаалардын көбөйүшү, айдоочулардын начар даярдыгы, жол инфратүзүмүнүн талапка ылайык келбегени себеп экенине токтолгон.
"Эл арасында профилактика иштерин туура жүргүзүп, унаа кырсыктарын болтурбоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну тапшырам. Былтыркы туристтик мезгилге караганда, же тактап айтканда, 13-майдан 31-августка чейин жол кырсыктары болгону 21 фактыга гана төмөндөгөн. Бул багытта ишти ар тараптуу күчөтүү керек. Тогуз айдын жыйынтыгы менен өтө турган коллегияда кеңири талкуулдап чечимдерди кабыл алабыз. Жол кырсыктарына жооп бере турган мезгил жакындап калды, ошондуктан иш-чараларды күчөтүп, тиешелүү жумуштарды алып барыңыздар", — деди министр.
Кеңешмеде ИИМ кызматтары менен башкармалыктарынын, шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүгү кеңири талкууланды.
Ниязбеков: ИИМде көрмөксөн, билмексен болуп отура берген жетекчилер бар