Радио

Балтика университетинин өкүлчүлүгү орус тили мугалимдерин даярдоого басым жасайт

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, филология илимдеринин доктору Айгүл Абдраева окуу жайда Балтика федералдык университетинин өкүлчүлүгү ачылганын айтты.
Sputnik
Көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн аркасында 18-сентябрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин базасында Иммануил Кант атындагы Балтика федералдык университетинин өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу Айгүл Абдраева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Балтика университетинин өкүлчүлүгү орус тили мугалимдерин даярдоого басым жасайт.
"18-сентябрда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Иммануил Кант атындагы Балтика федералдык университетинин делегациясы келди. Балтика федералдык университетинин расмий делегациясында ректор, философия илимдеринин доктору, профессор Александр Федоров баштаган өкүлдөр болушту. Балтика федералдык университетинин өкүлчүлүгү Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун 2023-жылы түзүлгөн орус тили жана адабияты факультетинин өнүгүүсүнө активдүү көмөк көрсөтөрүн билдирди. Бул өкүлчүлүк орус тилин жайылтууга багытталган түрдүү иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле ЖОЖдордун окутуучуларына жана студенттерине усулдук колдоо көрсөтүү аянтчасына айланат. Орус тили жана адабияты багыты боюнча "2+2" форматындагы окууну киргизип, кош диплом берүү, илимий, академиялык кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды. Студенттер менен алмашуу жүрөт, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырып, илимий иш-чараларга катышабыз. Өкүлчүлүктүн ачылышы байланыштарды чыңдоого, студенттердин мобилдүүлүгүн жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам берет деп ишенем", — деди Абдраева.
Ал Иммануил Кант атындагы Балтика федералдык университети Россиянын Түндүк-Батыш федералдык округундагы эң ири билим берүү, илимий жана маданий борбор экенин кошумчалады.