Садыр Жапаровдун жакын тууганы дагы эки айга камакта калтырылды

32 жаштагы Улан Жапаровду жайында кармашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин тууганы Улан Жапаров дагы эки айга камакта калтырылды.
Мындай чечим Биринчи май райондук соту тарабынан чыгарылды. Буга чейин тандалган бөгөт чаранын мөөнөтү бүттү.
Садыр Жапаровдун 32 жаштагы тууганы жайында кармалган. Ал бажыдагы коррупциялык иштерге катышууга айыпталууда. Ал — өлкө башчынын жакын тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев президент бул маалыматты укканда мыйзамдуу чара колдонууну талап кылганын билдирген.
УКМК бакандай болгон эки окуу жайдын декандары жемкорлукка барганын айтты