Япония менен АКШны такымдап... Кыргызстан дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи

Өлкө намысына жараган балбандар үч алтын, бир күмүш, бир коло менен мелдешти жыйынтыктады.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында медалдар боюнча эсепте 3-орунду ээледи.
16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында күрөштүн эркин, грек-рим жана кыз-келиндер түрү боюнча дүйнө биринчилиги өттү. Өлкө намысын коргогон балбандардын беш медаль утушу Кыргызстанды алдыңкы үчтүккө киргизди.
Биринчи орунда Япония — 6 алтын, 3 күмүш, 3 коло;
Экинчи орунда АКШ — 4 алтын, 3 күмүш, 7 коло;
Үчүнчү орунда Кыргызстан — 3 алтын, 1 күмүш, 1 коло.
Улуттук команданын артында Иран, Азербайжан жана Россия мамлекеттери турат. Ал эми коңшулардан Кытай сегизинчи, Казакстан тогузунчу, Өзбекстан жыйырманчы орунга илешкен. Тажикстан бир дагы медаль ута алган жок.
Белгилей кетсек, дүйнө чемпионатынан Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков алтын, Айпери Медет кызы күмүш жана Тайырбек Жумашбек уулу коло байге жеңди. Ошону менен бирге эле 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага төрт жолдомо алышты. Жумашбек уулу олимпиадалык эмес салмак категориясында күрөшкөн, андыктан ага лицензия берүү каралган эмес.
Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынан быйыл да алтын медаль утту