БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облустук соту казакстандык машыктыруучуну койдуруп кеткен айдоочуга өкүм чыгарганын жабырланган тараптын жактоочусу Самат Матцаков билдирди.
Соттун чечими боюнча айдоочу У.А. Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси ("Автомототранспорттук каражаттардын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу") менен айыптаган. Мунун негизинде аны жети жылга эркинен ажыратуу чечими кабыл алынган.
Мындан сырткары, У.А. үч жылга автоунаа айдоо укугунан ажыратылган.
Эске салсак, жол кырсыгы 16-июлда Ысык-Көл облусундагы Комсомол айылында болгон. Жеңил атлетика боюнча машыктыруучу, 58 жаштагы Мурат Жузгенбаев башка автокөлүк менен кагышкан Lexus коюп кеткенде ошол жерден жан берген.
Милициядан медиктер текшере келгенде автокырсык учурунда Lexus автоунаасынын айдоочусу ичип алганы аныкталганын билдирген.