Пресс-борбор

Онищенко: фармкомпаниялар эмдөөгө каршы чакырыктарды колдоп жаткан болушу мүмкүн

Эксперт инфекциялык оорулар күчөп, дарыгерлер эмдөөгө чакырган маалда "вакциналардын кайсы бир кемчилигин айтып эксперт чалыштардын" макалалары пайда боло каларына көңүл бурду.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Фармацевтикалык компаниялар эмдөөгө каршы чакырыктарды колдоп жаткан болушу мүмкүн, бул аларга көбүрөөк киреше көрүүгө негиз болуп берет. Мындай пикири менен РФ Илимдер академиясынын академиги, РФ билим берүү академиясынын президентинин орун басары Геннадий Онищенко бөлүштү.
Ал Sputnik аянтчасында "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биокоопсуздугу" деп аталган видеокөпүрөгө катышкан.
Онищенко инфекциялык оорулар күчөп, дарыгерлер эмдөөгө чакырган маалда "вакциналардын кайсы бир кемчилигин айтып эксперт чалыштардын" макалалары пайда боло каларына көңүл бурду.
"Мен бул жерде фармкомпаниялардын да кызыкчылыгын көрүп жатам. Пландын баарын аткарып, элди эмдедик дейли. Вакцина алган адам ооруп калган күндө да илдетти жеңил көтөрүп, дары-дармекти анча көп пайдаланбайт. Оору күчөгөн кезде ошол эле "Арбидол" кымбаттап кетет. Эч нерсе өзгөрбөйт, баа гана көтөрүлөт. Бул жерде да кызыкчылык бар", — деди эксперт.
Бишкек, Ош жана Чүйдө кызамыкка каршы эмдөө жүрүп жатат