БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен ЕАЭБдин башка премьерлерине "КамАЗ" заводунун алгачкы өзү жүргөн самосвалын көрсөттү.
Техника пайдалуу кен байлыктарды казууга ылайыкталган. Автосамосвал 27 тоннага чейин жүк көтөрө алат.
Учурда сыноодон өтүп жаткан машина "Иннопром Казакстан" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүндө көрсөтүлдү.