Бишкек: автобустарга бөлүнгөн сары тилкеге башка автоунаалар жүрө алат. Шарты

Саат 20:00дөн 07:00гө чейин сары сызыкта башка автокөлүктөрдүн жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү эки жуманын ичинде ишке ашмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Борбор калаада кечкисин жана түнкүсүн Түштүк магистралдагы автобустар үчүн чийилген сары сызык менен башка автоунаалар жүрө алат.
Мындай чечим кабыл алынганын Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев Sputnik Кыргызстанга билдирди. Анын айтымында, саат 20:00дөн 07:00гө чейин сары сызыкта башкаларды жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү эки жуманын ичинде ишке ашат.
Жыл соңуна чейин сары сызык Абдрахманов көчөсүнүн Түштүк магистралдан Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө пайда болот.
Уезбаевдин айтымында, сызык үч тилкелүү жолдорго гана чийилет. Бири — коомдук транспортко, экөө автоунааларга тиешелүү. Муниципалитет аталган көчөлөрдөгү жол чырактарды жөндөөдө. Келечекте "акылдуу" жол чырактарды орнотуу пландалууда.
Бишкектин жолундагы сары тилке: жеңил унаалар эми кандай жүрөт? Видео