26-сентябрга карата аба ырайы

26-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. 26-сентябрда, шейшембиде, күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +20...+25, Талас аймагында +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +23...+28, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +15...+20 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +23...+25, Ош шаарында +25...+27 градуска чейин көтөрүлөт.
Өкмөт Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балыктарды көбөйтүү планын жарыялады