БИШКЕК, 24-сен. – Sputnik. Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин керектөөсү үчүн эки талаа госпиталын өткөрүп берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ар бир госпиталь 19 машинадан турат. Негизги максаты - апаат жана жапырт кырсык болгон жерлерге ыкчам жетүү. Адистер 150 бейтапты амбулатордук негизде кабыл алып, 20га жакын хирургиялык операция жасай алат. Ошондой эле 90 бейтапты жаткырып дырылоого болот. 8 орундуу интенсивдүү терапия бөлүмү да бар. Бир госпиталды 60 адис тейлейт. Объект 5-6 саат ичинде куралат.
Мобилдик ооруканалар Кытай тарап эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы макулдашуулардын алкагында кайтарымсыз гранттык негизде берди. Мобилдик ооруканалар өзгөчө кырдаал жаралган аймактарда жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү максатын көздөйт.
China Sinopharm International фирмасынын мобилдик госпиталы атайын жолтандабас автоунаалардын базасында куралып, 19 түрлүү багыттагы унаалардан турат жана ар бир унаа өзүнчө функцияны камтыйт", - деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчы госпиталдар айттырбай келген ар кыл апааттардан адамдардын өмүрүн сактай турганына ишенимин билдирди.
"Дүйнө жүзүндө барган сайын табигый жана техногендик кырсыктардын саны көбөйүп, ал бүтүндөй дүйнө элин түйшөлткөн глобалдуу көйгөйгө айланууда. Асман тиреген шаарларды көз ачып-жумгуча урандыга айландырган табигый кырсыктарды да көрүп жатабыз", - деди президент.
Мамлекет башчысы кытай тарапка ыраазычылык билдирип, бир талаа ооруканасы Бишкек шаарына, экинчиси Ош шаарына жайгаштырыла турганын айтты.