Ош менен Санкт-Петербург кызматташтыгы илгерилейт. Бийлик өкүлдөрү жолукту

Жолугушууда билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданий багыттар талкууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов Санкт-Петербург шаарынын өкмөтүнүн мүчөсү Евгений Григорьев баштаган делегацияны кабыл алды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда социалдык-экономикалык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданий багыттарда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, ишкерлер арасында өз ара иштешүүнү күчөтүү, мектептер менен кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринин ортосунда тажрыйба алмашуу туурасында сүйлөшүүлөр болгон.
1 / 2

Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов Санкт-Петербург шаарынын өкмөтүнүн мүчөсү Евгений Григорьев баштаган делегацияны кабыл алды

2 / 2

Жолугушууда социалдык-экономикалык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданий багыттарда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, ишкерлер арасында өз ара иштешүүнү күчөтүү, мектептер менен кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринин ортосунда тажрыйба алмашуу туурасында сүйлөшүүлөр болгон

Мындан сырткары, медициналык кызматкерлерди практикалык негизде амбулатордук дарылоо боюнча Санкт-Петербург шаарында тажрыйба алмашуу үчүн окутууларды уюштуруу талкууланган. Аны менен катар кийинки жылдын октябрында Ошто Санкт-Петербург күндөрүн өткөрүү маселелери талкууланган.
Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашышкан.
Ош шаары Россиянын Санкт-Петербург шаары менен 2004-жылдан бери достук мамиле түзүп, кызматташып келери белгиленди.
Кыргыз-казак форумундагы 60 млн. доллардан ашык келишим. Дагы эмнелер сүйлөшүлдү?