Лавров Сауд Арабиянын өзөктүк курал тууралуу билдирүүсү боюнча комментарий берди

Буга чейин мураскор ханзаада эгер Иранда өзөктүк курал пайда болсо, алар да чыгарууну ойлоно баштай турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Россия Сауд Арабиянын Ирандагы өзөктүк курал тууралуу билдирүүсүн болгон фактыны айтуу катары карайт, бирок дүйнөдө эч ким өзөктүк өлкөлөрдүн болушун каалабайт. Бул туурасында РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Салман Fox News телеканалындагы маегинде эгер Иранда өзөктүк курал пайда боло турган болсо падышачылык өз коопсуздугун жана региондогу күчтөрдүн балансын сактоо үчүн ошондой курал камдоого аргасыз болорун айткан.

“Мен мындай билдирүүнү болгон фактыны айтуу катары карайм. Эч ким бул планетада жаңы өзөктүк мамлекеттер пайда болушун каалабайт. Иран Ислам Республикасы бир нече жолу андай ниети жоктугун ырастаган. Жадагалса руханий лидери да ушундай билдирүү жасаган. Мындан улам Сауд Арабияда дагы, алардын кошунасы Иранда дагы бомба болбойт деп айтсак болот”, — деди Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын жогорку сессиясынын жыйынтыгы боюнча брифингде.

Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Байден Киевге чачырама октор менен ATACMS ракетасын берүүнү чечти