Кыргызстандан барган 160 спортчу Азия оюндарынын ачылышында парадга чыкты. Видео

Атлеттердин парадына 45 өлкөдөн келген өкүлдөр катышты
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кытайдын Ханчжоу шаарында жайкы Азия оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Иш-чара Олимпиада спорттук борборунун стадионунда уюштурулган. Ачылыш салтанаттын программасы үч бөлүк менен өткөрүлдү: "Улуттук каада-салттардын көркөмү", "Цзяньтан дарыясындагы кысык", "Кол кармашып баратабыз".
Атлеттердин парадына 45 өлкөдөн келген өкүлдөр катышты. Кыргызстандын туусун волейболчу Оңолбек Каныбек уулу жана фехтование оюнчусу Камила Абдыл-Хамитова көтөрүп чыкты.
Азия оюндары 8-октябрга чейин уланат. Кыргызстандын намысын 160 атлет коргойт, алар спорттун 23 түрү боюнча күч сынашат.
Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынан быйыл да алтын медаль утту