БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков Белграддагы дүйнө чемпионатында финалда япониялык спортчу Кеничиро Фумитаны 11:6 эсеби менен утту.
Муну менен Жоламан кийинки жылы Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо алды.
Чемпионатка Шаршенбеков 60 кг чейинки салмак ченинде катышты. 1/16 финалда боливиялык балбанды 10:2 эсебинде, 1/8 финалда грузиялык атлетти 9:0 менен, 1/4 финалда өзбекстандык спортчуну 10:0 эсебинде артта калтырды. Жарым финалда ирандык балбанды утуп, алтынга күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков 2022-жылы Белград шаарында өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган.
Буга чейин дүйнө чемпионатынан алтын медалды Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов тагынып, Айпери Медет кызы күмүш алган. Үчөөнө тең Олимпиада оюндарына лицензия берилген.
2023-жылкы дүйнө чемпионаты ушул тапта Сербиянын борбору Белград шаарында өтүүдө.