Жаңы-Жердеги атышуу: 30дан ашык киши сурак берип, үч адам кармалды

Буга чейин издөөгө алынган эки куралчан киши табыла элек.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы атышуудан кийин үч киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБ кабарлады.
Окуя кечээ 15:00дөр чамасында болгон. Милициянын маалыматы боюнча, жаңжал адегенде айылдык жаштар ортосунда чыккан. Буга “муундар арасында улууларды сыйлоо” талаш-тартышы себеп болгон. Кийин ызы-чууга алардын ата-энелери аралашкан. Чыр күчөп отуруп мушташка, курал колдонууга жеткен. Окуядан 69 жаштагы киши каза таап, 36 жаштагы адам ооруканага жеткирилген. Милиция жаңжалдашкан эки тарап тең бир улуттагылар экенин белгилеген.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. 30дан ашуун киши суракка алынган. Алардын айрымдары абалды курчутуп, ок атышууга чейин алып келгени айтылат.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жаңы-Жер айылынын 69, 35 жана 26 жаштагы тургундары кармалды. Ал эми буга чейин издөөгө алынган куралчан шектүүлөр — 44 жаштагы Д.М.М. менен 41 жаштагы А.К.К. кармала элек.
Жанында куралы бар. Сокулуктагы атышуудан кийин милиция эки шектүүнү издөөдө