УКМК бакандай болгон эки окуу жайдын декандары жемкорлукка барганын айтты

Жетекчилер студенттерден Кытайдагы гранттык орундарга окууга кабыл алуу үчүн 900 доллар талап кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргыз улуттук университети менен Бишкек мамлекеттик университетинин факультеттеринин жетекчилери коррупциялык схема уюштурган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, декандар студенттерден Кытайдагы гранттык орундарга окууга кабыл алуу үчүн 900 доллар талап кылган.
Натыйжада эки киши кармалып, бирөө УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Кара-Балтада пара алып жаткан жеринен улук сот аткаруучу кармалды. Видео