Таразда кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

Иш-чаралардын соңунда региондор аралык документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Тараз шаарына жумуш сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
Жумуш сапарынын алкагында Жапаров кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин XI жыйынынын тар жана кеңейтилген курамдагы отурумдарына, Кыргызстан менен Казакстандын региондор аралык I форумуна катышмакчы. Мындан сырткары, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү айтылды.
Иш-чаралардын соңунда кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин XI жыйынынын протоколуна жана региондор аралык документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
Казакстандын УККсы чек арадагы фуралар боюнча көрүнүшкө түшүндүрмө берди